Опубликовано
21.06.2024, 08:352024-жылдын май айында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө-өлкөлөрүндө, Арменияны кошпогондо керектөө баалары жана тарифтери жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кыргызстанда баанын 0,2%га өсүшү азык-түлүк эмес товарлардын (1,3%га) кымбатташына байланыштуу.
2024-жылдын май айында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли 3,5% менен Казакстанда катталган, бул азык-түлүк эмес товарларга баанын 2,9%га жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 5,4 %га өсүшү менен шартталган.