akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.08.2020, 03:39

    ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн импорттолуучу медициналык жабдууларды жана ЖККны алып келүү бажы алымдарынан бошотууну чечти.

    Өкмөттүн токтому менен дары-дармектердин айрым түрлөрүн жана медициналык багыттагы буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Бул тууралуу 3-августа брифингде экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

    [news 26698]

    Министрдин айтымында COVID-19 жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасирди азайтуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлдү:

    - Жеке адамдар жана жеке ишкерлер тарабынан 2019-жылга бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды;

    - 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин салык карызынын суммалары боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө киргизилген;

    - 2021-жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынган;

    - 2021-жылдын 1-январына чейин ишканалардын бакнкроттук жол-жоболорун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган;

    - Ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14 млрд. сом өлчөмүндө Кризиске каршы фонд түзүлгөн;

    - ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ аймагынада коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо үчүн импорттолуучу товарларды алып келүүдөгү бажы алымдарынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды: жеке коргонуучу каражаттар, дезинфекциялоочу каражаттар, диагностикалык реагенттер, медициналык жабдуулардын жана матералдардын айрым түрлөрү.

    - ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыкка жол бербөө максатында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн алып чыгууга тыюу салуу киргизилген (пияз, сарымсак, шалгам, кара буудай, күрүч, кара күрүч, таруу, акшак, кесек тартылган ун жана дан өсүмдүктөрү, майдаланган гречка даны, гречкадан даяр тамак-аш азыктары майдаланган жана майдаланбаган соя буурчагы жана күн карама даны).

    - 2020-жылдын 1-июлунан тартып ЭЭФнын маалыматтык тутуму киргизилген;

    - 2020-жылдын 1-июлунан тартып, май куюучу жайларда автоматташтырылган май куюучу тутумун жана электрондук жүк ташуу пунктун колдонуу милдеттенмеси киргизилген.


    Читать похожее

    • 10.11.2023, 22:01:47
    • 17.03.2021, 02:00:37
    • 03.08.2020, 23:33:52
    • 03.08.2020, 21:39:22