Опубликовано
26.07.2024, 11:25Быйыл алты айда Экология-техникалык көзөмөл кызматы 939 мыйзам бузууну аныктаган, мамлекетке 41 млн 106 миң сом зыян келтирилген. Анын ичинен 741 материал боюнча 12 млн сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жарым жылдык боюнча коллегиясында айтылды.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жалпы 939 бузуу фактылары аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 41 млн 106 миң сомду түзгөн, анын ичинен 741 материал боюнча 12 млн 302 миң айып салынган.