Опубликовано
06.12.2023, 09:00“Эмгектин ордуна продукция” программасы келерки жылы да улантылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аз камсыз үй-бүлөлөргө миң тоннадан ашык ун жана 110 тоннадан ашык өсүмдүк майын берүү пландалууда.
Анын алкагында жарандар инфраструктуралык, окутуучу же киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырышы керек. Мунун ордуна алар тамак-аш алышат.