Опубликовано
31.05.2024, 06:52Бишкекте ата мекендик өндүрүштөгү алгачкы ID-паспортторду тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Белгиленгендей, ата мекендик паспортко бир нече коопсуздук элементтери кошулган.
“Эми паспортубузду жасалмалоо мүмкүн болбой калат. Мындан тышкары мамлекет миллиарддаган акчаны үнөмдөйт”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин паспорттордун, техникалык паспорттордун жана айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары чет өлкөлөрдөгү жеке компаниялар тарабынан басылып келген. Бул үчүн мамлекет жыл сайын 15 млрд сомго жакын акча төлөп турган.