akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.06.2024, 09:51

    Эмгек кодексинин жаңы редакциясында мурдагы 23 майрамдын ордуна 21 майрам болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова билдирди.

    Маалыматка ылайык, эмгек кодексинен 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрдагы дем алыш күндөрү алынып салынды. Бул күндөр майрам, бирок иш күндөрү болот.

    “Бирок кыргызстандыктар 8-мартта, 21-мартта, 5 жана 9-майда жана 31-августта эс алышат”, - деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле, узак эс алуу күндөрү жылына эки жолу болот. Тактап айтканда, 1-6-январда, 1-9-майда эс алуу болот.


    Читать похожее

    • 18.06.2024, 03:51:41
    • 17.04.2024, 05:00:56
    • 18.08.2020, 05:30:15