akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.06.2024, 03:26

    Жогорку Кеңештин депутаттары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Базар-Коргон шаарындагы “Суу менен камсыздоону реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

    Долбоор ЕРӨБ жана ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунан (СФА) 8 млн 540 миң евро бөлүүнү карайт. Анын 3 млн 745 миң евросу 15 жылдык мөөнөткө 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө (1% пайыздык үстөк менен), ал эми 4 млн 795 миң евросу - грант түрүндө бөлүнөт.

    Долбоорду тааныштырган Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу облустун калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн аны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

    Депутаттар Шайырбек Ташиев менен Надира Нарматова аймактарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу зарылдыгын айтып, долбоорду колдошту.


    Читать похожее