Опубликовано
07.12.2023, 10:00Төрт жылдын ичинде, 2018-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстанда аялдардын орточо эмгек акысы 98,4%га, эркектердики 78,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын аялдары жана эркектери” жыйнагында баяндалат.
Ошол эле учурда, эркектер менен аялдардын орточо эмгек акысынын ортосундагы ажырым былтыркыдан 4,6 пайыздык пунктка азайып, 25,6% түздү.
Алсак, 2018-жылы аялдардын орточо айлык маянасы 12,5 миң сомду түзсө, эркектердин орточо айлык акысы 17,5 миң сомду түзгөн.
2022-жылы аялдардын орточо айлык акысы 24,9 миң сомго, эркектердики 31,3 миң сомго чейин өстү.