akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.05.2024, 06:30

    Бишкекте 10-майдан тарта Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Кулатовго чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы билдирди.

    Эртең 39 жылдан бери иштеген магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат. Иш канча убакытка созулары айтылган эмес.

    Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилет. Карасаев-Горький кесилишинде жол жүрүүгө эч кандай тоскоолдук болбойт.

    Реконструкциялоодо диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен 900 мм түтүккө жана жапкыч арматура менен алмаштырылат. Тармактын узундугу 845 метрди түзөт.

    Мекеме жарандарды маршрутту алдын ала пландап алууга чакырат.


    Читать похожее

    • 17.07.2024, 22:01:01
    • 17.07.2024, 00:23:59
    • 09.05.2024, 00:30:50
    • 02.05.2024, 04:10:41