akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.05.2024, 09:33

    Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллионго көбөйүп, 2024-жылдын март айынын аягына карата дээрлик 13 миллионго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

    Анын көбөйүшү негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

    “2024-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 606 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 340 күрөөкана, 136 микрокредиттик уюм, 89 кредиттик бирикме, 16 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү”, - деп белгиленет маалыматта.

    2024-жылдын январь-март айларында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 33 млрд сомдон ашып, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 11%га көбөйдү. Бул негизинен коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын кирешелеринин өсүшүнө байланыштуу.


    Читать похожее

    • 29.05.2024, 03:33:54
    • 12.01.2021, 21:45:04
    • 14.06.2020, 22:00:20