Опубликовано
24.01.2024, 11:03Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине ата мекендик скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн жаңы экспонаттары сатып алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
Анын айтымында, Маданият министрлиги былтыр президент тарабынан маданият жана искусство тармагына бөлүнгөн 673 млн сомдон музейге жумшалуучу бөлүгүнө сарптайт.
Министрдин орун басары 2024-жылы музей капиталдык оңдоодон өтөөрүн билдирди. Музей буга чейин Мамлекеттик курулуш комитетинин капиталдык ремонту боюнча объектилердин тизмесине киргизилген.