akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.06.2024, 05:10

    Келерки жылы "Tesla" электр унаа заводдорунда бир нече миң “Optimus” гуманоид роботтору иштейт. Бул тууралуу компаниянын ээси Илон Маск акционерлердин жыйынында билдирди.

    Жыйында “Optimus” роботунун иштеши боюнча жаңы кадрлар көрсөтүлүп, анда робот өз алдынча ишкананын айланасында кыймылдап, андан соң батареяларды кутуларга жайгаштырган.

    Ишкер белгилегендей, азыр Фримонт шаарындагы (Калифорния) "Tesla" заводунда видеодо көрсөтүлгөн батарея клеткалары менен тапшырманы эки “Optimus” роботу аткарып жатат. Маск кошумчалагандай, "Tesla'нын" Калифорния штатындагы Пало-Альто шаарындагы кеңселеринде да ушул сыяктуу роботтор көп.


    Читать похожее