akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.08.2024, 10:38

    Ысык-Көл облусунун аймагында өнөр жай зонасындагы 1,37 га жер жана Каракол шаарындагы 0,5 га ун комбинаты жанаша аймагы менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

    Тактап айтканда, Каракол шаарынын муниципалитетинин экс-чиновниги О.И.И. 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди төмөндөтүлгөн нарк боюнча жеке менчикке өткөрүп беришкен. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө 10 гектардан ашык жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаарынын башкы планына карама-каршы келген токтомдорду чыгарышкан.

    "Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында О.И.И. аттуу жаран келтирилген зыяндын эсебинен мамлекеттин балансына өнөр жай зонасындагы 1,37 га жер тилкесин жана Каракол шаарындагы ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Алардын базар баасы 1 млн долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 07.08.2024, 04:38:21
    • 26.07.2024, 00:41:03
    • 09.07.2024, 02:51:45
    • 05.07.2024, 00:46:35