Опубликовано
22.08.2024, 04:45Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында Туура-Суу айылынан жана Балык завод тилкесинен 400 тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери улантылууда.
21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган.