akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.07.2024, 09:52

    Менюда алдын ала көрсөтүлгөн кардарларды тейлөө акысын алуу мыйзамга толук жооп берет. Бул тууралуу “Акчабарга” HoReCa Club ассоциациясынын төрайымы Гүлзат Раимбекова билдирди.

    Бул тамак-аш үчүн кошумча төлөм эмес, мекеме тарабынан көрсөтүлгөн кошумча кызматтар үчүн төлөмдү билдирет. Кызмат акысы официанттын ишин гана эмес, эмеректерди, идиш-аяктарды, жарыктандыруу же кондиционерди жана бүтүндөй бөлмөнүн өзүн колдонууну камтыйт. Үйдө кардар өзүнүн мүлкү менен тамактанышы менен кафе же ресторанда тамактануунун ортосунда чоң айырма бар. Кафеде тамак-ашты алып келип, идиштерди тазалап, жууп беришет. Демек, тейлөө бир гана официанттын ишин эмес, мекеменин бардык инфраструктурасын камтыйт.

    “Кардар жана мекеменин ээси катары өз укуктарыңызды жана милдеттериңизди билүү түшүнбөстүктөрдөн качууга жардам берет”, - дейт Райымбекова.

    Ал белгилегендей, алдын ала жана так көрсөтүлгөн шартта, кызмат акысын алууга мыйзам тыюу салбайт. Контракт түзүлгөнгө чейин (башкача айтканда, тамак-ашка буюртма бергенге чейин) тейлөө акысы жөнүндө кардар билиши керек. Бул менюлар, маалымат такталары же кызматкерлердин оозеки билдирүүсү аркылуу жасалышы мүмкүн. Эгерде кардар кызмат акысын алдын ала билсе жана бул шарттарга макул болсо, тейлөө акысын алуу мыйзамдуу.


    Читать похожее

    • 16.07.2024, 05:55:23
    • 12.07.2024, 03:52:20
    • 06.06.2024, 22:50:40
    • 04.06.2024, 04:56:31