Опубликовано
07.02.2022, 03:30Бир мандаттуу Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнү бекиди. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалым болгондой, жараян эртең, 8-февралда өтөт.
Боршайком шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертти.
Белгилеп кетсек, БШК бүгүнкү күндө талапкерликке арыз берген 72 адамдын 53үн каттады.
Жогорудагы эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.