akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.06.2024, 10:45

    Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 13 млн доллар кредит алат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

    Ал буга чейин Кыргызстан 5 млн доллар грант алганын, бирок бул каражат техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга жетпей калганын эске салды. Ошентип, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун жалпы баасы 18 млн долларды түзөт.

    Эске салсак, буга чейин “Акчабар” Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун даярдоого Дүйнөлүк банк 13,6 млн доллар бөлүп бере аларын жазган. Анын 11 млн доллары 10 жылга кийинкиге жылдыруу менен 50 жылга пайызсыз насыя, 2,6 млн доллары грант катары берилет.


    Читать похожее