akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    21.08.2024, 11:01

    Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин мүчөсү К. Сулейманов жана энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы “Электр станциялары” ААКсында болушту.

    Ведомстводон кабарлашкандай, иш сапарынын алкагында алар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү жетекчилер менен жолугушуу өткөрүштү.

    Иш сапардын жүрүшүндө жолдун курулушу жана бетондоо, көпүрөнүн курулушу, тоннел салуу, 110 кВ аба чубалгысын жана 110/6 кВ көмөк чордонду төшөө, ошондой эле убактылуу электр станциясынын курулушу боюнча маалымат берилди.


    Читать похожее