Опубликовано
28.03.2024, 08:32Ош облусунун Кара-Суу районунда жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Ал №45 жол тейлөө ишканасынын базасында иштейт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ал жерде бир нече адам иштеп, азырынча күнүнө 30-40 белги чыгарышат.
Министр Тилек Текебаев айрым кемчиликтерди жоюп, жабдууларды акырындык менен модернизациялоону тапшырды.