akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.08.2024, 10:56

    Министрлер кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин акчалай каражаттарынын өлчөмү 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес белгиленет. Ал ар бир жетим бала үчүн 18 жашка толгондо берилет.

    “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити боюнча пайыздык ставка “Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан Финансы министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.


    Читать похожее

    • 16.08.2024, 04:56:59