akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.04.2022, 06:15

    Унаа жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү күнгө карата карызы 9 млн сомго жетти. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Темирбек Анаркулов Жогорку Кеңеште билдирди.

    Анын айтымында, мекеме Салык кызматына жана Социалдык фондго карыз.

    “Жалпы 9 млндой карызыбыз бар. Ошого азыр кирешенин 50%ы Мамлекеттик мүлк фондуна которулат. Ал эми аижарага алынган имаратка 30%ы кетет. Ошондуктан, мүмкүн болсо, бизди 2-3 жылга салыктан бошотуу боюнча ушул жактан жардам берсеңиздер, карыздарыбыздан кутулуп алат элек”, — деди Анаркулов.

    Белгилеп кетсек, аталган ишкана 2017-жылы түзүлгөн.