Опубликовано
19.07.2024, 04:15Учурда Алматы облусундагы “Кеген” өткөрмө бекетинде казак-кыргыз чек арасында унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, бул чектеш аймактагы чек ара тилкесиндеги жолду оңдоо иштерине байланыштуу.
“Башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай чектөө киргизилген жок. Ушул жагдайларды эске алып, мүмкүн болсо айдоочулардан кыймылдын маршрутун алдын ала пландоону суранабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.