akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

    Опубликовано

    19.08.2024, 03:55

    Баткен шаарында 11-17-август күндөрү кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү.

    Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калган тилкелерде чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

    Жыйын достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди. Кийинки жолугушуу келерки жумада Тажикстандын аймагында болот.


    Читать похожее