akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.05.2024, 05:00

    “Кыргызиндустрия” ААКсына караган “Кыргызэлектроника” ишканасы “Pantum M 6500/KG” жаңы принтерин чогулта баштады. Бул тууралуу “Кыргызэлектрониканын” башчысы Илья Черный билдирди.

    Анын айтымында, ишкана буга чейин “PantumM7108DM/KG” үлгүсүндөгү принтерди чыгарып келген. Эми көп функциялуу жабдыктардын (басып чыгаруу, көчүрмө, сканирлөө) катары жаңы үлгүдөгү принтер менен толукталды.

    “Биздин продукция “KG” деп белгиленет жана анын сапаты негизги өндүрүүчүнүн көзөмөлүндө турат. Биз чыгарган жабдыктардын сапаты дүйнөдөгү башка аналогдорунан айырмаланбайт. Ошондой эле биздин продцукциянын баасы арзан”, - деди ал.

    Ал билдиргендей, алар принтерлерди ke.kg сайты аркылуу сатышат. Сайттан бардык байланыш номерлерди табууга болот.


    Читать похожее