akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.04.2024, 09:32

    “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жеке компания менен сүйлөшүп алып, 8 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Кара-Кече кенинен Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү жайга көмүр ташуу боюнча тендер өткөрүүдө мамлекеттик ишкана тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды.

    Ташуу боюнча тендер 2023-жылдын жазында өткөнү көрсөтүлгөн. Аудиттин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

    Буга байланыштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Максатбек Молдокматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча “Серен-Транс” ЖЧКсынын жетекчиси Тилек Жумаев да эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды.


    Читать похожее

    • 29.04.2024, 03:32:49
    • 15.11.2023, 00:30:12
    • 09.03.2022, 22:56:16