Опубликовано
15.01.2024, 05:15Кыргызстан билим берүү максатында 25 млн доллар насыя алганы жатат. Насыя 50 жылга пайызсыз алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эки кредиттик макулдашуу комитет жыйынында каралат.
“Бул акчага Кыргызстандагы өзгөчө макамга ээ беш университетке лабораториялык жабдуулар алынып, ар кандай изилдөөлөр да жүргүзүлүп, бул окуу жайларга гранттар бөлүнөт”, - деди ал.
Ошондой эле, ал каражаттын 18 млн долларына университеттерге жабдуулар алынарын, насыянын мөөнөтү 2074-жылга чейин экендигин кошумчалады.