Опубликовано
18.06.2024, 08:45Кыргызстан дүйнөдөгү суук 10 өлкөнүн катарына кирип, рейтингде тогузунчу орунду ээледи. Республика боюнча орточо жылдык температура 3,9 градусту түздү.
Бул маалымат Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы орточо температурага негизделген отчетунан алынды. Ага ылайык, Африкадагы Буркина-Фасо эң ысык өлкө катары таанылган, анда орточо жылдык температура 29 °Cден бир аз жогору.
Шкаланын экинчи четинде минус 18,6°С көрсөткүчү менен Американын Гренландиясы турат.