Опубликовано
22.04.2022, 04:23Кыргызстандын карызы 1 млрд долларга көбөйгөндүгү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 1 126,4 млн АКШ доллары (2020-жылы 773,3 млн доллар, 2021-жылы 353,1 млн доллар) суммасында финансылык макулдашууларга кол койгон.
Анын ичинен:
Белгилей кетсек, каражат негизинен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга, бюджетти колдоого багытталган.