Опубликовано
14.05.2024, 11:00Кыргызстан тузду аз импорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
2024-жылдын үч айында өлкөгө 3,1 миң тонна туз ташылып келинген. Мындан бир жыл мурда, ушул эле мезгилде өлкөгө туз жеткирүүнүн көлөмү 5,8 миң тоннаны түзгөн.
Туз импорту Өзбекстандан 52%га, Казакстандан 34,8%га жана Беларустан 64,3%га кыскарган.
Ошол эле учурда, Кыргызстан Иран, Кытай, Пакистан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн туз сатып алууну жогорулатты.