akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    14.04.2022, 07:25

    Кыргызстан италиялыктарга «Made with Italy» бренди менен биргелешкен ишканаларды түзүү сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, чакан жана орто бизнес көбүрөөк өнүккөн Кыргызстандын жана Италиянын географиялык жайгашуусун эске алуу менен, италиялык тарапка Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш регионунун рынокторун өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү менен Кыргызстанда «Made with Italy» бренди менен биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталган.

    Италиянын Тышкы иштер министрлиги, Соода жана инвестициялар агенттиги өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогору экендигин белгилешип, өз тарабынан Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүдө италиялык ишкерлерге көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктрин билдиришти.

    Белгилей кетсек, 12-апрелде 120дан ашык италиялык компаниялардын өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялары жана экспорттук потенциалы боюнча өлкө презентациясы болуп өттү. Иш чарада Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү экспорттук жана инвестициялык потенциал боюнча презентацияларды жана конкреттүү потенциалдуу инвестициялык долбоорлорго басым жасоо менен Кыргызстанда салттуу түрдө күчтүү болгон текстиль жана тигүү өнөр жайы, айыл чарба, гидроэнергетика жана туризм тармактары боюнча тематикалык презентацияларды көрсөтүү менен болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти.


    Читать похожее

    • 14.04.2022, 01:25:16