Опубликовано
14.11.2023, 03:10Кыргызстан келерки жылы ички каттамдар үчүн төрт учак сатып алат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот, - деп билдиришти президенттин администрациясынан.
Белгиленгендей, учурда 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатат.
"Анын алкагында, "Нарын", "Казарман", "Талас", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды", - деп айтылат маалыматта.