akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.09.2020, 08:50

    Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмедеги өлкөлөрдүн ичинен мамлекеттик ведомстволорго көп чыгаша кетирген өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунду ээледи. Биринчи орунда Белорусия турат.

    [news 27982]

    Евразия экономикалык комиссиянын берген маалыматына ылайык, Белорусияда 2020-жылдын I кварталында мамлекеттик кызматкерлердин чыгашасы, бардык структуралардагы чыгашалардын ичинен 45.9%, Кыргызстанда - 41.3% ээлеген. Ошол эле учурда Белорусия Республикасынын социалдык тармакка кеткен чыгымдары болгону 8.7%, ал эми Кыргызстанда - 8.8% түзгөн.

    Бирликтеги башка өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлерди тейлөө жаатына бирдей мамиле кылынат. Бирок, дүйнөлүк аренада Кыргызстан жана Белорусия социалдык багыттагы өлкө катары өздөрүн көрсөтүп келе жатканы менен иш жүзүндө дал келбөөдө.

    Ал эми Казакстандагы жалпы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн каражаттар, бардык чыгымдардын ичнен 29,3%, Арменияда - 21,6%, Россияда - 15,7% түзөт. Жогоруда аталган мамлекеттер социалдык тармакка чыгашалардын 30,1%, 35,4% жана 30,7% багытташат.


    Читать похожее