Опубликовано
19.12.2023, 08:35Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку стадиясында турат. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы милдеттенмелерди төлөөгө 53 млрд сом каралган. Келерки жылы бул багытка 66 млрд сом жумшоо пландалууда.
"Этаптан ишенимдүү өтүү үчүн Каржы министрлиги кийинки жылдын бюджет саясатын профицит менен түздү. Бул кошумча каражат тартпастан карызды төлөөгө негиз түзөт", - деп белгиледи министр.
Кошумчаласак, 30-сентябрга карата мамлекеттик карыз 5 миллиард 987 миллион долларды түзөт.