Опубликовано
28.09.2020, 09:002020-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын бир катар компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен коронавируска каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо жана энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
[news 28224]
«Жолугушууда түштүк кореялык тарап өздөрүнүн компанияларын жана Кореяда өндүрүлгөн беткаптарды тартуулашты. Элчи Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык потенциалы, ошондой эле коронавируска каршы күрөштөгү кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстандын аймагында медициналык багыттагы буюмдарды жана маскаларды чыгарууну жолго салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды», - деп айтылат маалыматта.
Earth Energy Korea президенти, ошондой эле «Korea Ubiquitous Society» кеңешчиси Ким Джон О менен энергетика тармагындагы мүмкүн болгон долбоорлорду жана Кыргызстанда ГЭСтин курулушун талкуулашты.
«Ким Джон О Кыргызстанга болгон кызыгуусун белгилеп, Кореялык компаниялардын инвестицияларын биздин өлкөгө тартууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал бизнес-форумдарды уюштуруу менен кыргыз жана корей компанияларынын ортосунда байланыш түзүү идеясын колдоду», - деп кошумчалашты элчиликтен.