akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: ТИМ КР

    Опубликовано

    30.06.2020, 03:27

    29-июнда Кыргызстан жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Пекка Хаависто видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 25585]

    Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө Финляндиянын «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбасына таянуу менен эки тараптуу соода-инвестициялык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.

    Эки тараптуу мамилелердин алдыга карай өнүгүшүнүн жана ЕБ менен БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

    Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашты. Коронавирустук инфекция пандемиясы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында тараптардын иш үстүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча макулдашуу жетишилди.