Опубликовано
25.01.2024, 08:00Январдын аягына чейин 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат.
“Кыргызтелекомдун” маалыматына караганда, Digital CASA долбоорунун экинчи этабынын алкагында Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иштер ийгиликтүү аяктады.
Учурда зымдар айыл округдарына тартылып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даяр.