Опубликовано
22.08.2024, 06:25Кыргызстанда 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.