Опубликовано
01.03.2024, 03:05Кыргызстанда ажырашуулар көбөйүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Алсак, өткөн жылы 45,5 миң үй-бүлө түзүлсө, 12 миң 550 ажырашуу катталган.
Салыштыруу үчүн ведомство 2011-жылга карата статистиканы келтирет, анда 56 миң үй-бүлө каттоого алынып, ажырашуулардын саны болгону 8 миң 700дү түзгөн.