akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.08.2024, 05:00

    Ушул жылдын 31-августуна чейин Кыргызстанда үч логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн администрациясы билдирди.

    Биринчи долбоорду “Алайку Органикс” компаниясы ишке ашырып жатат. Ал Ош шаарында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүүгө жана сактоого адистешкен логистикалык борбор болот.

    Экинчи долбоор Нарын облусунун Ат-Башы районундагы соода-логистикалык борбор. Аны “Кара-Булак” ишканасы менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы куруп жатат.

    Үчүнчүсү Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында логистикалык борбордун курулушунун биринчи этабын бүтүрүү болуп саналат.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 23:00:51
    • 09.07.2024, 02:34:44
    • 02.07.2024, 21:45:44
    • 17.06.2024, 01:55:01