Опубликовано
04.12.2023, 10:40Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош иш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 4-декабрдан 14нө чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Каракол жана Бишкек шаарларында өтөт.
Жарманкеде чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча 20 агенттик 2 миңден ашык вакансия сунуштайт.