akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    09.03.2022, 07:47

    Кыргызстанда аялдардын айлыгы жана пенсиясы эркектердикине караганда аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    2021-жылы аялдар эркектерге караганда орточо 5 миң 475 сомго аз тапкан. Аялдардын орточо айлык акысы айына 16 миң 524 сомду, ал эми эркектердики 21 миң 999 сомду түзөт.

    “Эгерде эркектердин айлыгын 100% деп ала турган болсок, пайыздык эсеп менен алганда, аялдар сумманын 75,1%ын гана алышкан. 2017-жылы бул көрсөткүч 72,5% түздү, башкача айтканда, абал анча деле өзгөргөн жок. Бирок аймактык деңгээлде олуттуу айырмачылыктар бар. Нарын облусунда аялдар эркектердикине салыштырмалуу дээрлик бирдей (92,7%) айлык алышат. Талас облусунда аялдар эркектерге салыштырмалуу эң аз айлык алышат (52,4%)”, - деп айтылат билдирүүдө.

    Эркектердин пенсиясы аялдардыкынан (айына 5410 сом) бир аз жогору (айына 6162 сом). Орточо пенсиянын эң чоң ажырымы Бишкек шаарында катталган, мында аялдардын пенсиясы эркектердикинин 88%га жакынын түзөт.

    Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат.


    Читать похожее

    • 12.08.2024, 00:00:00
    • 03.11.2023, 01:29:10
    • 26.10.2023, 21:30:37
    • 11.10.2023, 21:00:14