akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 11:00

    Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматы Ош облусунун аймагындагы жер тилкелерине аукцион жарыялады.

    Жер тилкелеринин баасы 200 доллардан 7,8 миң долларга чейин. Аукционго жалпысынан кен байлыктары бар 41 объект коюлду.

    Аукциондор:

    • Чоң-Алай районунда - 16-сентябрда;
    • Алай районунда — 17-сентябрда;
    • Араван районунда — 17-сентябрда;
    • Ноокат районунда — 18-сентябрда;
    • Өзгөн районунда — 19-сентябрда;
    • Кара-Суу районунда — 20-сентябрда өткөрүлөт.

    Катышууну каалагандар 9-сентябрда саат 18.00дон кечиктирбестен Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 2, №305 кабинет дареги боюнча Кыргыз геологиялык кызматына документтерди тапшырышы керек.