Опубликовано
25.03.2024, 04:20Кыргызстанда марттын ортосуна карата АИ-95 маркасындагы бензиндин орточо баасынын литри 70,22 сомду түздү. Март айынын эки жумасында аталган маркадагы күйүүчү майдын баасы 0,71 сомго же 1,02%га кымбаттады.
АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы аймактарга жараша өзгөрөт. Учурда Каракол шаарында өтө кымбат. Аймакта АИ-95тин литри 74 сомдон сатылууда. Бул баа 20-февралда коюлуп, андан бери өзгөргөн эмес.
Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү автоунаага май куюуга эң арзан жер Кербен жана Кара-Суу шаарлары. Бул шаарларда күйүүчү майдын литри 68 сомдон сатылууда. Андан сырткары, Кербен шаарында 1-февралдан баштап литри 68,5 сомдон арзандады. Ал эми Кара-Сууда 6-марттан бери 0,1 сомго кымбаттады.
Эске салсак, буга чейин “Акчабар” март айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы 0,7 сомго/литрге бир аз кымбаттаганын жана нефтетрейдерлердин маалыматына караганда, баалар 1-апрелге чейин кымбаттабай турганын жазган.