Опубликовано
08.04.2024, 08:20Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.
Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 — 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында 63,25 сомдон сатылган.
Учурда АИ-80дин орточо баасы 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.