akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.10.2023, 06:16

    Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жалпысынан 6,2%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат.

    Ага ылайык, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 20,8%га өстү. Буга үйдөн, же ооруканага жатпай дарылануу, тийиштүү дарыгерден кеңеш алуу, диагноз коюу кызматтары кирет.

    Ошондой эле, чач тарач кызматтарына баалар 13,8%га жана тигүү кызматына 12% өскөн.

    Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы салыштырмалуу түрдө туруктуу. Ал 1%га өскөн.


    Читать похожее

    • 23.11.2023, 21:55:31
    • 22.11.2023, 00:30:05
    • 18.10.2023, 00:16:08