Опубликовано
12.02.2024, 04:502023-жылы бир кызматкердин орточо айлык акысы 33 миң 258 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул 2022-жылга салыштырмалуу 2,3%га өскөн.
Белгиленгендей, эмгек акынын өсүшү мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен операциялар, дүң жана чекене соода, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш жана маалымат тармагында байкалган.