Опубликовано
11.06.2024, 04:55Кыргызстанда орточо айлык 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, маяна өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга көбөйдү.
Эң чоң өсүш соода, кыймылсыз мүлк операциялары, унаа оңдоо, курулуш, пайдалуу кен казуу, транспорт жана жүк сактоо тармактарында катталды.