akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    24.02.2022, 06:48

    Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары орус рублин арзан сатып алууда. Тагыраак айтканда, бир рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

    “Кыргызстан коммерциялык банкында”, “Керемет банкында” жана “Кыргыз инвестициялык кредит банкында” рублдин сатып алуу курсу 0,70 сомдун тегерегинде, сатуу 1,07 – 1,09 деп белгиленген.

    Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында рублдин курсу 80-85 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

    Ошол эле учурда Улуттук банкта рублдин расмий курсу 1, 0545 сомду түздү.

    Белгилей кетсек, Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу орус рублинин курсу түшүп баштаган.


    Читать похожее

    • 30.03.2022, 00:55:11
    • 04.03.2022, 00:41:35
    • 27.02.2022, 22:05:30
    • 24.02.2022, 00:48:49