akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.05.2024, 10:41

    Кыргызстанда педофилия боюнча соттолгондор пенсия албайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

    Анын айтымында, президент мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде пенсияны ишеним кат аркылуу төлөөгө тыюу салынган адамдардын чөйрөсү соттун өкүмү күчүнө киргенден тартып жаза өтөөдөн бошотулганга чейин кеңейтилген. Эми анын курамына баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор да кирет.

    “Учурда мыйзам алдындагы актыларды даярдап жатабыз жана бир айдын ичинде бул норма күчүнө кирет”, - деди ал.


    Читать похожее