akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.07.2024, 06:15

    Кыргызстандагы чокулардын бирине БУУнун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда белгилүү болду.

    Аталган чоку Чолпон-Атадагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 5 миң 576 метрди түзөт.

    "БУУга урмат катары, мөңгүлөрдүн көйгөйлөрүнө чоң көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бардык аракеттери үчүн биз чокулардын бирин БУУнун атынан атагыбыз келет. Мен жарлыкка кол койдум", - деди Садыр Жапаров.

    Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 159 чоку жана 9959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн саны 1262 чарчы километрге азайган.


    Читать похожее

    • 02.07.2024, 00:15:21
    • 17.04.2024, 23:45:47
    • 07.03.2024, 22:40:03
    • 10.01.2024, 04:40:40